Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо

Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо — массалык жабыркатуучу куралдын таасирин жок кылуучу же азайтуучу медициналык инженердик жана башкалар уюштуруу чараларынын комплекси. Массалык жабыркатуучу куралга ядролук, химиялык жана биологиялык курал кирет. М. ж. к. к. чаралар комплексине калкты коргонуу жана жеке сактануу ыкмасына үйрөтүү; калкты коргонуу каражаттары (противогаз, респиратор, жеке аптечкалар жана башкалар) менен жабдуу, душмандын кол салуусу жөнүндө өз убагында кабарлоо; калкты ири шаарлардан алып чыгуу; сыйынт-коргонч жана калканч жай куруу кирет.

Массалык жабыркатуучу куралдардын түрлөрү:

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8@