Биологиялык кычкылдануу

Биологиялык кычкылдануу - тирүү организмдерде ферменттердин таасири менен жүрүүчү кычкылдануу калыбына келүү реакцияларынын жыйындысы. Анын негизинде организм кабыл алган орг. зат менен кычкылтектен акырында суу менен көмүр кычкыл газы пайда болот. Б. к.-организмде бир нече тепкич менен өтө турган татаал процесс. Ал ж-дө 2 концепция бар. Биринчисин А. Н. Бах (1897), экинчисин В. И. Палладин (1908) негиздеген. Бул 2 концепция биригип кычкылтекти жана суутекти активдештирүү теориясын жаратат. Кычкылдануучу заттардан калыбына келүүчү затка суутек менен электрондорду өткөзүп берүүчү атайын ташыгычтар: никотинамидадениндинуклеотиддер (НАД), флавин нуклеотиддер, хинондор, цитохромдор жана башка бар. Б. к. реакциясынын энергиясынан түзүлгөн АТФ бардык биосинтездик реакцияларга активдүү катышат. Анын энергиясынын айрым бөлүгү жылуулук чүн жумшалса , кээ бири организмдин энергия булагы катарында (негизинен АТФ түрүндө) жыйналат. Зат алмашуунун негизинде пайда болгон ууктургуч заттарды жана сырттан кирген ууларды Б. к. кычкылдандыруу жолу менен зыянсыздандырат.

Биопестициддер бир нече топко бөлүнөт:

а) бактериалдык - курт-кумурскага патогендуу бактериялардын негизинде даярдалынат. Бактериялар жана алардын токсиндери курт-кумурскаларга тамак-аш аркылуу берилет. Токсиндер ичеги-карындын былжыр чел кабыкчасын ууландырат. Ичегинин жабыр тарткан жери аркылуу курт-кумурсканын гемолимфасына түшөт. Натыйжада курт-кумурска өлүмгө дуушар болот. (Мисалы, энтобактерин препараты - Bac.thuringiensis негизинде жасалган)

б) мите козу карындардын споралары курт-кумурскалардын сырткы кабыкчасына жабыркатып, андан ары ичине өсүп, өлүмгө алып келет (мисалы, боверин препараты - Bauveria bassiana мите козу карыны негизинде жасалган).

в) вирустук курт-кумурскалар учун патогендик вирустардын негизинде жасалат. Курт-кумурскалардын ичине тамак-аш аркылуу кирип, вирустар ткандарга кирип, көбөйүшүп өлүмгө дуушар кылат (мисалы, препарат Вирин-Энш)

г) нематодалык - энтомопатогендик гелминттердин негизинде жасалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү