Мите козу карындар, патогендүү козу карындар — түрдүү организмдин тирүү ткандары менен азыктануучу козу карындар.

Scathophaga stercoraria & Entomophthora muscae.

Алар өсүмдүктү, айбанатты жанa кишини оорутат. Жыныссыз жол менен көбөйөт. Денеси бутактанган кеп клеткалуу гифтерден туруп, түрдүү форма жана чоңдуктагы спораларды пайда кылат. Жаныбарларды оорутуучу зоопатогендүү козу карындарга чакалай, таз ж. б. тери ооруларын козгогучтар кирет.

Өсүмдүк илдетин пайда кылуучу Мите козу карындар — фитопатогендүү козу ка­рындар өтө коп таралган. Аларга дат, кара көсөө, кебер, жыгачтарды бузуучу козу карындар ж. б. кирет. Бул Мите козу карындарына чоң зыян келтирет.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.