Биолокация - (био... жана лат. loso жайгаштыруу) тирүү организмдердин өзүнүн же кандайдыр бир нерсенин мейкиндиктеги ордун физикалык толкундар (электр-магниттик, үн, жылуулук) аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү. Биолокация сүт эмүүчүлөр, куштар, көпчүлүк балыктарга жана башкаларга мүнөздү. Алар Күн, Жылдыз, Жердин магнит талаасы жана башка табигый факторлор аркылуу да багытын аныкташат. Мисалы, жарганаттар ультра үн толкундары, ал эми деңиз ташбакалары геомагниттик талаадан берилүүчү сигналдарды туюу аркылуу багытын жакшы табат. Биолокация менен бионавигация (жаныбарлардын өзүлөрү жашаган аймагында жыл мезгилдерине, миграциясына жана көбөйүшүнө байланыштуу багыт алышы) тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү