Жаныбарлар айбанаттар (Animalia) - тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; органикалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси өсүмдүктөр). Кургакта жашаган жаныбарлардын теги деңизде жана тузсуз сууда жашаган жаныбарлар, кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык жаныбарлар козу карындар сыяктуу гетеротрофтуу организмдер, башкача айтканда даяр органикалык заттар менен азыктанат. Ошондой эле жаныбарлардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү активдүү метаболизмдин болушу. Органикалык дүйнөнүн өнүгүүсү менен жаныбарлардын түзүлүшү жана функциясы бара-бара татаалданып, кыймылдоо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда болгон. жаныбарлардын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мисалы, курт-кумурскалар, куштар жана сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сайроо, бийлөө жана башка оюндары. Жаныбарлар түзүлүшү боюнча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клеткалуулар жана көп клеткалуулар. Жаныбарлардын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү белгилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кыргызстанда омурткалуу жаныбарлардын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска менен кенелердин 3171, балыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочулдардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда булчуң жана бириктиргич ткандар жакшы өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курттар, моллюскалар, муунак буттуулар) жана экинчи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), ошондой эле омурткалуулар жана омурткасыздар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жаныбарлар өтө чоң чарбалык мааниге ээ. Алардын ичинде айыл чарбалык, промыселдик, лабораториялык максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү тамак-аш, өнөр жай сырьёлорунун булагы. Жаныбарлардын систематикалык ири тобу мителик менен тиричилик өткөрөт. Айрым жаныбарлар адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн транмиссиялык ооруларынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курткумурскалар, кенелер токойлорго, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылышка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасиринин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрү ТКЭСтин, ошондой эле Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилип, коргоого алынган. Жаныбарлар жөнүндөгү илим зоология деп аталат.

Жаныбар
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Animalia Linnaeus, 1758

Небере тайпалар

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS  202423
EOL  1

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Шилтемелер түзөтүү