Биотрофтор - (био... гр. trophe азык, азыктануу) тирүү организмдер менен азыктанган организмдер тобу. Аларга фитофагдар, зоофагдар жана мителер кирет. Алардын ичинде сапротрофтор өлгөн организмдердин, ошондой эле жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат. Аларга бактериялар, актиномицеттер, ошондой эле коңуздар, чымындар, курттар (сөөлжан), куштар (карга, кузгун), сүт эмүүчүлөр (гиена) кирет. Суудагы сапротрофтор сууну биологиялык жактан тазалоого катышат, топурак кыртышын семирткенге көмөктөшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү