Биоэлектрдик потенциалдар

Биоэлектрдик потенциалдар - адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ткандарында же айрым клеткаларында пайда болуучу электр потенциалдары.

Алар дүүлүгүү жана тормоздоо процесстерине катышат. Биоэлектрдик потенциалдарды изилдөө тирүү системалардагы физикалык -хим. жана физиологиялык процесстерди билүү үчүн керек жана клиникада диагноз коюуда (электр кардиография, электр энцефалография, электрмиография ж. б. ) колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.