Бирдиктер системасы - кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоңдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоңдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоңдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги негизги бирдик деп аталат. Ошондуктан чоңдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (L), массадан (M) жана убакыттан (Т) түзүлгөн чоңдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач бирдиктер системасын 1832-ж. немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг жана сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теңдемелери боюнча табылат. 1851-ж. немец физиги Вебер Гаусстун бирдиктер системасын электрдик чоңдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, мг жана сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыңгайлуу болгондуктан, 1881-ж. Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоңдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-ж. италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКС ке термодинамикалык температуранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-ж. Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-к-дын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кгкүч, сек) системасын колдонулуп келген. Бул система техникада кеңири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга 1960-ж. гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук — метр (м), масса — килограмм (кг), убакыт — секунда (с), электр тогунун күчү — ампер (А), температура — кельвин (К), жарык күчү — кандела (кд), заттын саны — моль (моль) киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бөлүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англис физик Д. Хартри түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү