Бирлик – 1) бирнече бириккен мамлекеттерден турган (м.: Югославия Бирлик Республикасы), же өзалдынча башкарылган колониялар бириккен (м.: Австралия бирлиги) мамлекеттик түзүлүш; 2) КР жарандык мыйзамдары боюнча, укуктук жактарын коммерциялык эмес биримдигинин аталыштарынын бири. Коммерциялык уюмдар өздөрүнүн ишкердик иш-аракеттерин координациялоо, ошондой эле жалпы мүлктүк мүдөөлөрүн көздөө жана коргоо максаттарында Б. түзө алышат. Коомдук жана коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде мекемелер, ыктыярдуу түрдө өздөрүнүн Б-терине бириге алышат. Б-тин фирмалык аталышы анын иш-аракетинин негизги чөйрөсүн жана анын мүчөлөрүнүн иш-аракеттеринин негизги мүнөзүн чагылдырышы керек жана «Б.» деген сөздү камтууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү