Бир аль-Абедтеги террордук чабуул

Бир аль-Абедтеги террордук чабуул — 2017-жылдын 24-ноябрнда Египеттин Түндүк Синайндагы, Бир-эль-Абд кыштагында орун алган. Эль-Ариш шаарынан 40 км алыстыкта жайгашкан кыштактагы суфий мечитте жума күнкү намаз окуу учурунда чабуул болуп. Андан 305 адам каза болуп, 128 адам жаракат алган, анын ичинде 27 өспүрүм балдар бар[3][4][5][6].Бул теракт өлкөнүн тарыхындагы эң ири террордук чабуул болуп калды [7].

Бир аль-Абедтеги террордук чабуул
Чабуул болгон жер

Египет Бир-эль-Абд, Түндүк Синай, Египет
31°01′00″ с. ш. 33°00′52″ в. д.HGЯO

Датасы

24-ноябрь 2017-жыл
14:50 UTC

Чабуулдун ыкмасы

Массалык өлтүрүү

Куралдары

Жардыруучу түзүлүштөр

Каза болгондор

305[1][2]

Жаракат алгандар

100+

Уюштуруучулар

Аныкталууда

Чабуул түзөтүү

Окуя 24-ноябрда Түндүк Синайдын борбору Эль-Аришке жакын жайгашкан Эр-Рауд калктуу пунктундагы мечиттердин биринде болгон. Анда уюшкан топ жума күнкү намазга келген адамдар бар мечитти жолтандабас унаалар менен курчоого алып, намаз окуп жаткандардын арасына кирип келишип, жарылуучу заттарды ташташкан. Мындан соң унаадан адамдарды көздөй баш аламан ок ата башташкан[8][9]. Ошондой эле жергиликтүү ММК-нын берген маалыматтарында, жабыркагандарга биринчи жардамдарды көрсөтүү үчүн келген "Тез жардам" кызматынын унааларын да аткылашкандыгы айтылат[9].

Теракттын жыйынтыктары түзөтүү

Al-Ahram жергиликтүү гезитинин берген маалыматы боюнча. Египетте катталган террордук актынын кесепетинен 305 адам каза болуп, дагы 128 адам жаракат алган.

Египеттеги экстремисттик топтордун бири дагы аталган терактты өз моюнуна алган жок.

Аракеттер түзөтүү

Синайдын бардык ооруканаларында жана госпиталдарында чукул кырдаал жарыялагып. Ал эми күч түзүмдөрү жана полиция аймактарды тинтүүгө алышты. Кырдаалдан улам Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси чукул жыйынга өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтерин чакырды. Ички иштер министрлиги терактты иликтөө үчүн комиссия түздү. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук маанилүү жайларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алуу тапшырмалары берилди. Алардын катарында чиркөөлөр жана мечиттер да бар. Президенттин буйругу менен алдынкы 3 күн каза болгондордун урматына аза күтүү күнү деп жарыяланды[10]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Egypt attack: More than 230 killed in Sinai mosque, BBC News (24-ноябрь 2017). Текшерилген күнү 24-ноябрь 2017.
  2. Теракт у Єгипті: кількість загиблих зросла до 305, ТСН (24-ноябрь 2017). Текшерилген күнү 25-ноябрь 2017.
  3. The Latest: Egypt says death toll in mosque attack up to 200 (24 ноября 2017). Текшерилген күнү 24 ноября 2017.
  4. Youssef, Adham. Egypt mosque attack: state TV raises death toll to 184 (en-GB), The Guardian (24 -ноябрь (жетинин айы) 2017).
  5. Deadly blast strikes mosque in Egypt's Sinai.
  6. Mahfouz, Heba Farouk. Death toll in Egyptian mosque attack rises to at least 155, state media report (en-US), Washington Post (24 -ноябрь (жетинин айы) 2017).
  7. Боевики атаковали мечеть на севере Синайского полуострова (24 -ноябрь (жетинин айы) 2017).
  8. CNN, Hamdi Alkhshali, Ian Lee and Laura Smith-Spark,. 'Scores killed' in Egypt mosque attack, CNN.
  9. 9.0 9.1 The Associated Press. Mosque bombing, gunfire in Egypt's north Sinai leave at least 155 dead, CBC News (24-ноябрь 2017).
  10. KGZ. Египетте террордук чабуул болду, KGZ.