24-ноябрь
Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 |
Жылдын - 328 күнү. Жыл аягына чейин 37 күн бар
Кыргызстан
түзөтүү- 1982-жылы: «СССР мамлекеттик чек арасы туурасында» мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамда Кыргыз ССРинин чек арасы СССРдин тышкы мамлекеттик чеги катары белгиленген.
- 2006-жылы: ЖКнын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековдун айтыша кетип, сөздөн муштумга өтүүгө аз калган. Буга спикер Марат Султановго аралашмакчы болгондо, башка депутаттар токтотуп калган.
Дүйнө
түзөтүү- 1642-жылы: Голландиялык Абель Тасман буга чейин дүйнөгө белгисиз аралдарды ачып, кийин ал жерге Тасмандын ысмы ыйгарылган.
- 1729-жылы: Орус аскер башчысы, генералиссимус Александр Суворов жарык дүйнөгө келген.
- 1885-жылы: Америкалык журналист, жазуучу, биринчи жолу англис тилдүү “Moscow News” советтик гезитинин негиздөөчүсү Анна Стронг жарык дүйнөгө келген. Кийинчерээк АКШ менен СССР бири-биринин пайдасы үчүн аны тыңчы деп айыпташып, Стронг Кытайда башпаанектеп жүргөн.
- 1888-жылы: Америкалык лектор, бир катар белгилүү эмгектердин автору Дейл Карнеги туулган.
- 1941-жылы: КВНдин режиссёру жана алпаруучусу Александр Масляков төрөлгөн.
- 1954-жылы: Сербиялык режиссёр Эмир Кустурица туулган.
- 1961-жылы: БУУ ядролук куралды колдонууга тыюу салуучу Декларация кабыл алган.
- 1969-жылы: АКШ менен СССР өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди ратификациядан өткөрүшөт.