Бир клеткалуу организмдер

Бир клеткалуу организмдер - денелери бир клеткадан турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр. Булар бүт дээрлик жөнөкөй көзгө (микроскопсуз) көрүнбөгөн организмдер. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө кирүүчү Б. к. о. - протофиттер, ал эми жаныбарлар дүйнөсүнө кирүүчүлөрү протозоа деп аталат. Б. к. о бөлүнүү жана жыныстык жол (коньюгация) менен көбөйөт. Аларга бактериялар, балырлар менен козу карындардын кээ бирлери, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү кирет. Булар сууда, топуракта жана организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө жашагандары аларды жабыркатат.

Прокариоты.
Оптическая микроскопия простейших.

Бир клеткалуу жаныбар же эң жөнөкөйлор - микроскоп менен көрүүнүчү эн майда, көзгө илээшпеген жаныбарлар. Алардын денеси бир клеткадан турат. Денеси негизин цитоплазма жана бир же бир нече ядролор түзүшөт. Дененин формасы ар түрдүү: уузунча, ийик, жана шар сымал. Кыймылдоо, азыкнуу, дем алуу, бөлүп чыгаруу, көбөйүү өңдүү тиричилик кызматтарын дененин өзгөчө бөлүктөү аткарат. Алар жер бетинде жана суудагы ар кандай чөйрөлөрдө: денизде, тузсуз сууларда, көлмөдө, нымдуу топуракта, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана кишинин организмде жашашат.

Бир клеткалуу жаныбарларды 1676- ж. Антон Левенгук ачкан. Азыркы убакта эң жөнөкөйлөрдун 3 миндей түрү белгилүү.

Түзүлүшү түзөтүү

Сут эмүүчүлүрдүн кан кан денечелеринде учураган лейшмандардын өлчөмү 2- 4 мкм, бурсарияныкы 1,5 мм. Фораминиферлердин кабы- туурасынан 5- 6 см келет.

Бир клеткалуу жаныбарлардын денесинин формасы да ар түрдүү. Бирөөнүн формасы жалпагыраак узун келет, экинчисиники ийикке окшойт, башкалары тоголок шар сымалдуу, нурларын чачкан күнгө окшогондору да бар. Көпчүлүк бир клеткалуулардын туруктуу формасы болбойт. Бир клеткалуулардын денесинин ич жагын цитоплазма ээлейт. Ал эки катмардан турат.: биринчиси, жукараак тунук желатин сымал сырткары катмар- эндоплазма. Цитоплазмада бир же эки, же андан да кобуроок ядролор, ошондой эле ар түрлүү органчалар: азык эритүүчү, болуп чыгаруучу вакуолдор, ашыкча заттар, азыктар болот.

Дем алуусу түзөтүү

Эң жөнөкөй жаныбарлар башка көп клеткалуу жаныбарлар сыяктуу эле кычкылтек менен дем алышат.Аларга керектүү болгон кычкылтек дене каптоолору аркылуу ичине кирип, цитоплазмага өтөт да, татал органикалык заттардын кычкылдандырып сууга, көмүр газынын ж.б заттарга айландырылат. Бул учурда бир клеткалуу жаныбарлардын жашоосуна керек энергия болуп чыгат. Эн жөнөкой кычкылтекти ар түрдүү керектешет. Түзүлүшү кыймыл аракеттери өзгөчө, инфузорияларда, дем алуу жай кыймылдаган амебага караганда тез жүрөт, демек, алар кычкылтекти көп керетешет.

Көбөйүшү түзөтүү

Эн жонокойлордун кобойушу ар кандай жолдор менен журот. Кобунчо эн жонокойлордо болунуп кобойу жолу учурайт. Андан башка жыныстык жол мен да кобойушот . Болунуп кобойудо бир да жеке жандык, озунчо эки жаш жандыкка ажырайт. Болунуу ядродон баштап, ал чоюулуп, акырын узарат да , орто жеринен бөлүнүп көбөйүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү