Бистр
Бистр (французча bistre) – 1. Саргыч түстүү, тунук, күрөң, жыгачтын көөсүндө атайын даярдалган сүрөт тартуучу материал. Б. мурунку сүрөтчүлөрдүн сүрөт тартуудагы сүйүктүү каражаты болгон. XVIII кылымдын аягында Б. сепияга жана тушка ордун бошоткон. Азыркы учурда Б. өз алдынча материал катары пайдаланылбайт. 2. Кыл калем же канат менен тартылган сүрөттү түшүндүргөн сүрөт тартуу техникасы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|