Биткойн (Bitcoin) – операцияларды эсепке алуу үчүн бирдей аталыштагы бирдикти пайдалануучу пирингдик төлөм тутуму. Биткойндерди криптовалютага, виртуалдуу валютага, санариптик валютага жана электрондук акчага классификациялашат.[1][2] Качандыр-бир чыгарыла турган биткоиндердин жалпы саны 21 миллионду түзөт.[3]

Биткоиндерди, айрым товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга уруксат берилген өлкөлөрдө сатып алуу үчүн пайдаланса болот.[4] Көпчүлүк учурда биткоинди инвестициялык аспап же криптовалюталык биржаларда кадимки валютага алмаштыруу каражаты катары пайдаланса болот. Биткоиндин баасы, суроо-талап жана сунуш балансынан көз каранды болот, ал эч ким тарабынан жөнгө салынбайт. Ошондуктан биткойнду кээде “борбордон ажыратылган валюта” деп аташат.[5]

Биткойн-төлөмдөргө ачык ачкычы бар криптография менен кепилдик берилет. Аларды иши, биткойндар майнинги катары белгилүү болгон процесс катары тармакка туташтырылган миңдеген компьютерлер тарабынан аткарылуучу татаал математикалык эсептөөлөр аркылуу сакталат. Тутумдун ортосундагы транзакциялар жөнүндөгү бардык маалымат ачык түрдө жеткиликтүү.

Биткойду көзөмөлдөө жөнүндө бир нече сунуштар айтылган, анткени ал мыйзамсыз иш үчүн пайдаланылышы мүмкүн.[6] 2013-жылдын октябрында ФТБ Silk Road веб-сайтын жаап, 144,5 миллион доллар суммасында биткойндарды конфискациялаган.[7]

Купуялыгы жана алмашылышы түзөтүү

Биткойн – бул псевдоним, демек, каражаттар чыныгы объекттерге эмес, Биткойн-даректерине байланганын билдирет. Биткойн даректеринин ээлери так аныкталган эмес, бирок блокчейндеги бардык транзакциялар ачык болуп саналат. Мындан тышкары, транзакцияларды жеке адамдарга жана компанияларга «пайдалануу идиомалары» аркылуу байланыштырса болот. (мисалы, бир нече киргизүүдөн алынган тыйындарды сарптаган транзакциялар киргизүүлөрдүн жалпы ээси болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат) жана белгилүү бир даректердин ээлери жөнүндө белгилүү маалымат менен ачык транзакциянын маалыматтарын тастыктайт.[8] Мындан тышкары, биткойндорду салттуу валюталарга алмаштырууда биткоиндик алмашуулар боюнча мыйзам тарабынан жеке маалыматты чогултуу талап кылынышы мүмкүн.[9] Финансылык купуялуулукту жогорулатуу үчүн ар бир транзакция үчүн жаңы биткоин дареги түзүлүшү мүмкүн.[10]

Капчыктар жана ушуга окшош программалык камсыздоо техникалык жактан бардык биткойндорго эквивалент катары мамиле кылып, фунгибилдүүлүктүн базалык деңгээлин түзүшөт. Изилдөөчүлөр ар бир биткойндун тарыхы блокчейндердин китебинде жазылганын жана жалпыга жеткиликтүү экендигин жана кээ бир колдонуучулар талаштуу транзакциялардан келген биткойндордон баш тартуусу мүмкүн экенин, бул биткойндордун алмашылышына зыян келтириши мүмкүн экенин белгилешти.[11] Мисалы, 2012-жылы Mt.Gox жаңы эле уурдалганы белгилүү болгон биткойндорду депозитке салган колдонуучулардын эсептерин тоңдурган.[12]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Meaning of bitcoin in English. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  2. Zerocoin: Anonymous Distributed E-Cash from Bitcoin. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  3. Bitcoin vs Litecoin for 2021. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  4. What can you buy with Bitcoin: Places to spend your crypto in 2021. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  5. Bitcoin Goes To Washington, Senate To Hold Hearing On Virtual Currencies. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  6. Bitcoin Comes Under Senate Scrutiny. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  7. FBI Says It's Seized $28.5 Million In Bitcoins From Ross Ulbricht, Alleged Owner Of Silk Road. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2021.
  8. Mapping the Bitcoin Economy Could Reveal Users’ Identities. technologyreview.com. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2022.
  9. Five surprising facts about Bitcoin. washingtonpost.com. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2022.
  10. Is Bitcoin a Strong Hedge Against Inflation?. kucoin.com. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2022.
  11. Zerocash: Decentralized Anonymous Payments from Bitcoin. erocash-project.org. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2022.
  12. An Inquiry into Money Laundering Tools in the Bitcoin Ecosystem. maltemoeser.de. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2022.