Биялы уулу Ыскак (1908, Суусамыр өрөөнү -1942, өлгөн жери белгисиз) - партиялык жана мамлекеттик ишмер, ВКП(б)нын Нарын облустук уюмун жетектеген. Максы манаптын небереси.

1939-ж. партиянын катарынан чыгарылып, Меркеге (Казакстан) жер которуштурган. Кийин акталып, Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон. Жашынан өтө чыгаан чыккан эл уулу катары Суусамыр элинин эсинде сакталып калды. Чал уруусунан.

Булактар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9