Бозжигит Турдубаев
1937-1960-жылдардын ортосунда ал кездеги Фрунзе, кийин Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл райондорунда таанымал колхоз жетекчиси.
Ал алгач 1937-жылы колхоздун ферма башчысы, бригадир болуп 1941-жылы Ата Мекендик согушка аттанып 1944-жылдын башына чейин майданга жигердүү салгылашканы үчүн Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы жана көптөгөн медалдар менен сыйланат. 1943-жылдагы Курск догосундагы чоң салгылашта Кызыл Жылдыз орденине көрсөтүлгөн. Согуштан кийин өзү мурда иштеп кеткен колхозуна 20 жыл колхоздун башкармасылыгынын төрагасы болуп иштеди. «Даңк» ордени жана да бир топ медалдарда алууга татыды. Алар менен кошо Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана областтык Советтин ардак грамоталары менен сыйланды.