Бозкоңорчок (лат. Nitraria L.) – жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Уз. 0,5-2 мге жеткен. Жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же агыш жашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырактары жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калың. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топ гүлдү түзөт. Аталыгы 5-10, энелиги бирөө. Сөөктүү мөмөсү 10 мм, түсү кара, кочкул көк, ширелүү. Жер жүзүндө Б-тун 8 түрү (Австралияда – 1 түр, Африка – 1, Борбордук Азияда – 6 түр) кездешет, Кыргызстанда 2 түрү өрөөндөгү, адырдагы шорлуу, такыр жерде, кургак боздөңдө кездешет. Кыргызстандын эки гана (Алай өрөөнүндө, Балыкчы шаарынын батыш жагында) жерде уникалдуу өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул жерлерде дайыма катуу шамаал болуп болуп тургандыктан, кум уча берип, ар бир Б-тун түбүнө чогулуп отуруп, бийик-бийик дөңчөлөрдү пайда кылган. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурда эл арасында самын кайнатууга, боёк (көк, кара) жасоого пайдаланылган.

Nitraria billardierei.

Колдонулган адабияттар түзөтүү