Бозкыр кырка тоосуКакшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Узундугу 85 км, туурасы чыгышында 40– 50 км, батышында 15–20 км. Орточо бийиктиги 5000–6000 м, эң бийик жери 7439 м (Жеңиш чокусу). Генезистик тиби боюнча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец жана мрамор тоо тектеринен турат.

Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар жана мөңгүлөр менен капталган. Эң ири мөңгүлөрү: түштүк Эңилчек жана анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы жана башкалар; Кайыңды, Көйкап, Темирсуу (түштүк капталында). түндүк капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп жана субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. түштүк капталы чөлдүн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү