Бозуул (Бозжигит) — кырк чоронун бири. Өз аты — Чынаалы, «Бозуул» деген ысым ылакап аты (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 120-б.). Б-га карата айтылган «болумдуусу», «ыктуусу» сыяктуу эпитеттер анын кырк чоронун ичиндеги нары акылдуусу, ар ишке маш чоролордун бири экенин көрсөтүп турат. Эпосто ыктуу, жөн билги адам катары Манастын ич ара иштерин көбүнчө Б. бүткөрөт. Манас ата конушу Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып жортуулга чыкканда калмактын Текес канынын Куяс аяры апсун окуп бак-дарак, чөп-чардын баарын жарак-жабдыктуу жоокер кылып кубултуп жол тостурат. Анын сыйкыр экенин элес албаган Манас Аккелте менен атат, сыйкырланган «жоокерлер» жооп кылып мылтык атышат, андан Манастын көзү көрбөй калат. Манасты айыктырыш үчүн алтын сакал Айкожону алып келүүгө атка жеңил, тайга чак, он төрт жашар Б. барат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 105 —123-б.). «Чоң казат» мезгилинде чалгынга бараткан Алмамбет жолдоштукка Сыргакты, коштоо атка Ажыбайдын Карткүрөңүн каалайт. Манас Ырчыуул, Бозуул ыктууларды жиберип Ажыбайдан Карткүрөңдү суратат (Сагымбай Орозбаков, 4. 175—179). Алмамбет Манаска келип кошулганда анын урматына ат чабылат. Талаа жеринде байгеге сайганга мал жок, Манас кысталышта турганда Серек Алмамбеттин көңүлү бир көтөрүлүп калсын, чоролордон эле байгеге сая коёлу дейт. Ошондо да Б. өз эрки менен баш байгеге сайылып жөн билгилигин көрсөтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 320—328). Кээ бир эпизоддордо да Б. маанилүү роль ойнойт. «Чоң казат» мезгилинде ал он башы болуп дайындалат. Бээжинге бараткан узак жолдо Б-дун ондугундагы узак жолдун оорчулугун көтөрө албай кыйналган Кыргылчал менен Б-дун окуясы өтө юморлуу берилет. Алмамбет менен Чубактын жол талашкан чатагына да ушул Б. менен Кыргылчалдын ордо ойноп чырлашуусу себепчи болот (Сагымбай Орозбаков, 4. 131 —141, 180—187). Көзкамандар алдап уу берип, өлтүргөнү жаткан Манасты Б. Аккулага эптеп мингизип, качырып куткарат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Б. кыргыздын окчу уруусунан болот, бирок Манас аны кырк чоронун ичинен жакын тууганым деп эсептейт. Көзкамандардан ууланып өлүм алдында турган Манас: «Эч болбосо жанымда, Жамандык күндө карашкан, Жакшылыкта сыйлашкан, Өлүмдүү күндө ыйлашкан. Өчөгүшкөн душманга, Өлүмдөн качпай кыйрашкан, Өзүмдүн жакын тууганым, Өткүрүм Бозуул болсочу, Өрттөнүп кеткен калмактан Ажыратып койсочу», — деп өмүрү бычактын мизинде турганда да Б-ду эстейт. Б. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча да Манастын жакын тууганы делет (Саякбай Каралаев, 1. 195).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4