Бойду токтоткуч органдар

Бойду токтоткуч органдар - адам жана жаныбарлардын өз денесинин мейкиндиктеги абал өзгөрүшүн кабыл алуучу органдары.

Омурткасыз жаныбарларда Бойду токтоткуч органдар угуу ыйлаак-чалары же статоцисттер түрүндө болот. Адам жана омурткалуу жаныбарларда алар ички кулактагы вестибулярдык аппаратта орун алган. Вестибулярдык аппарат кире бериштен жана ткань суюктугу (эндолимфа) менен толтурулган жарым тегерек каналдардан турат, ал аппараттын сезгич клеткаларынын түкчөлөрү - отолиттер жаткан килкилдек массага батырашып бүтөт. Дене кыймылдаганда, эндолимфанын которулушунан кыймылга келген отолиттер сезгич клеткаларынын түкчөлөрүн дүүлүктүрөт. Дүүлүккөн сезгич клеткалар бойдун өзгөргөндүтү жөнүндө мээге кабар бергендиктен, баш айланып, окшутат. Адамдарда бойду токтотуу үчүн тери, булчуң, муундун сезгичтигинин жана көрүүнүн да мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.