Болгонду мөңгүсүКакшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,4 км, аянты 7,8 км2. Какшаал дарянынын сол курамы Мүдүрүмдүн алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4200 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Андан Кеңтөр суусунун (Мүдүрүмдүн алабы) сол куймасы Болгонду башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү