Болон келишими - – 1999-жылдын Кулжа айынын 19 29 европа өлкөлөрүнүн билим берүү министриликтеринин ортосунда кол коюлган келишим.

Болонья шаарында түзүлгөн-дүктөн Болон келишими деп аталып калган. Ал жогорку билим берүү тармагында европалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү 1998-ж. Сорбон келишиминин негизинде түзүлгөн.

Болон келишими 10 жылдын ичинде бирдиктүү европалык билим берүү системасын түзүү максатын көздөйт. Киргизилип жаткан бирдиктүү жогорку билим берүү системасы эки циклдан турат: толук эмес жогорку билим –«бакалавр» титулу, ал минимум 3 жылга созулуп, билим алууну улантууга жана эмгек рыногуна жарамдуу квалификация болуп эсептелет жана толук жогорку билим «магистр» же «доктор» титулдары.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,