Болот уулу Назар - (1828–1893) манасчы, 1828-жылы туулган. Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Сары-Камыш айылынан чыккан Болот уулу Назар бугунун арыкмырза уруусунун каратакыя-каракыз уругунан болгон.

Анын “Манасы” жазылып калбаганы менен, Чокон Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашы” дал ушул Болот уулу Назардан, Токсабанын ордосунда Жыргалаң суусунун боюнда жаздырып алган деген маалыматтар бар. Назарды көрүп билгендер анын чоң жомокчу болгондугун, үнү бийик чыгып, “Манас” айтып кызып калган учурда топусу шилисинен чекесине келип-кетип тургандыгын жана эпостун үчилтигин толук билгендигин эскеришет. Ал эми дагы бир манасчы Тойчубек уулу Алмабек ал Кыдыр акенин манасчысы болгон дейт. Өз кезегинде Көлдүн атактуу манабы, кадимки Тилекматтын уулу Чыныбай, Назар менен Тыныбекти айтыштырып көргөн. Буга көпчүлүктүн бир даары: “Назар күчтүү” десе, экинчи бир даары “Тыныбек күчтүү” деген талашынан улам пайда болгон. Ушунун өзү эле анын чоң манасчылардын биринен болгондугун далилдейт.

Чоң манасчы Болот уулу Назар 1893-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү