Болчар, болшар - эрте орто кылымдар доорундагы (5-9-кк.) кыргыздардын байыркы бир уруусу. Саян-Алтайдагы кыргыздарга таандык рун сымал эпитафиялык жазуу эстеликтеринде болчарлар менен биргеликте «ач», «ли» аттуу уруулар эскерилет. Кыргыздын белгилүү мамлекеттик ишмери, Тибетке кыргыз каганынын атынан бир нече ирет иш сапар менен барган мамлекеттик белгилүү ишмер (болжол менен алганда 7-к. аяк чени, 8-к. биринчи чейреги), Эрен Улук аттуу элчи (атактуу шаман) тектүү «болчар» уруусунан чыккан. Бул маалыматтар Алтын-Көлдөгү (азыркы Хакасия) кыргыз эстелигинде баяндалат. Эстелик таштын көлөмү 1,98 х 46 см, калыңдыгы 18 см. жетет. Минусин край таануу Музейин- де сакталып турат. Тибетке элчилик сапар менен барып, белгисиз себептер менен кайтпай калган Эрен Улук 38 жашта болгон. Кыргыздар «ак жана кара бөрүлөр» уруулук топторуна ажыраган. Бул оң жана сол канаттардын баштапкы аталышы болушу ыктымал. Болжолу, бул мезгилде кыргыздарда бөрү (карышкыр) башкы тотем болгон сыяктуудай. Кыргыздардын башка уруулук топтору элик (марал), барс (илбирс) ж.б. деген аттар менен да белгилүү болгон. Мисалы, «чик» — монг. чихтэй — элик дегенди туюнтат. «Аз» — аюу маанисин туюнтары илимде эбактан белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү