Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтчада, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт,

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бир катар болуп ичтеринде жатышып оюндун шарты, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар, оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча белгиленген аралыктан бат боортоктоп жылып өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Чалкасынан жатып жылуу, капталынан жылуу, отуруп жылуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Оюнда буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер таза, тегиз, башка буюмдарсыз болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке, чыдамкайлыкка тарбияланат, боортоктоп тез жүгүрүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү