Бора
Бора — деңиз жээгиндеги айрым жерлерге мүнөздүү катуу соккон (40-60 м/сек) жергиликтүү муздак шамал. Көбүнчө жылуу деңиздердин жапыз кыркатоолор менен чектеш жээктеринде болот. Мисалы, Адрия деңизинин жээгинде, Кара деңиздин Новороссийск шаарында туштагы жээгинде байкалат. Адатта кышында пайда болот. Термин грекче түндүк, түндүктөн соккон шамал деген маанини билдирет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4