Борбордук азиядагы энеолиттик эстеликтери
Борбордук Азиянын энеолиттик эстеликтери - эң байыркы доордогу Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхын үйрөнүүдө мурдагы СССРдин айрым региондорунун, өзгөчө Борбордук Азиянын аймагындагы археологиялык маданияттарды билиишбиз зарыл. Анткени алар ушул чөлкөмдөрдө жашаган бардык элдердин, анын ичинде кыргыздардын ата-бабалары үчүн орток маданият болуп эсептелет. Түркмөнстандын түштүк-батыш тарабында дыйканчылыкка негизделген Жейтун маданияты өнүгүп, анын чеги кеңейген. V-IV миң жылдыктарда бул маданиятты дыйканчылыкка ылайыктуу Копет-Даг (Түркмөнстандагы) менен Каракумдун ортолугундагы жер толук өздөштүрүлүп, Борбордук Азиядагы байыркы урууларды кийинки тарыхына зор таасирин тийгизген. Борбордук Азиянын калган аймактарындагы уруулар, ал мезгилде аңчылык жана балыкчылык менен кесиптенишкен. Түштүк райондордогу уруулар менен болгон байланыш алдын ала жакшылыктуу натыйжа бербесе да, кийинчерээк коло доорунун өкүм сүрүшү туруктуу мүнөзгө өтөт. Түркмөнстандагы Анау жана Намазга-Тепе эстеликтеринин изилдениши жогорудагы айтылгандарды далилдөө менен бирге тарыхый чоң мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАсанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010