Боркоев, Жакыпалы (1933-ж. т., Ош облусу, Өзгөн р-ну, Улуучат кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Фрунзе политехника ин-тунун тоо-геол. факультетин бүтүргөн (1956). Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог (1956–68), Улутоо геол. чалгындоо партиясында улук геолог, башкы геолог (1969–95), 1995-жылдан Кара-Суу партиясынын жетектөөчү геологу болуп иштейт. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1974). Сымап кендерин ачууга кошкон салымы үчүн «Кен байлыктарын биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү