Бороон
Бороон, бороон чапкын кар аралаш соккон муздак, катуу шамал. Бул түшүнүк илим жактан эчак калыптанып, интернационалдык терминге айланган. Илимий эмгектерде, казак, түркмөнчө боран, якутча бурхан, татар, башкырт тилдеринде буран деп аталат. Орус тилине түрк тилинен кирген, анда бороон «буран», «пурга», «снежная вьюга» деп аталат. «Бороон» термининин уңгусу орус тили аркылуу поляк, чех, словак тилдерине «буран», румын тилинде «бурана» айтылышына өткөн. Азыркы халка-моңгол тилинде «бороо(н)» «жамгыр» деген маанини билдирет. Кыргыздар карсыз бороонду кара бороон же кызыл бороон, кар аралаш бороонду ак бороон, бороон-чапкын деп да аташат. Бороон болгон учурда шамалдын ылдамдыгы Бофорт шкаласы боюнча 7-9 баллга жетет. Бороон циклондорго байланыштуу пайда болот. Кээде заматта пайда болуп, бат токтосо, айрым мезгилде бир нече күнгө созулат. Топоним катары Кыргызстандын аймагында кеңири таралган: Боронду аталган Ойкайың кыркатоосунда 2 ашуу, Жумгал, Көкөмерен, Ойкайың сууларынын алабына кирген суулар бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4