Боруке мөңгүлөрү – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Чыгыш жана Батыш Б. м.). Тескей Ала-Тоонун түштүк капталынан агып түшкөн Үчкөл суусунунун алабында жайгашкан. Бул мөңгүлөр кылымдын башында аянты 22,9 км2 келген бир мөңгү болгон, эрип чегинүүдөн экиге бөлүнгөн.

Чыгыш Боруке мөңгүсунүн узундугу 7,5 км, аянты 11,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5040 м, эте- ги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийикт. 4325 м.

Батыш Боруке мөңгүлөрүнүн узундугу 6 км, аянты 10,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Боруке мөңгүнүн куралуу облусу бөлөк болгону менен этеги барып биригет. Абляция облусунун жалпы аянты 9,0 км2, муздун көлөмү 1,86 км3. Мөңгүдөн Үчкөл суусунун курамы Боруке башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү