Ботва – азыктамырлуу, түймөктамырлуу жашылча тоют жана техникалык өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү бөлүгү (көбүнчө жалбырактары) тоют катары силос түрүндө пайдаланылат. Мисалы, кызылча, сабиз, картошка жана башкалар.

Кызылча Б-сында орг. заттар жана к-талар көп өлчөмдө (козу кулак к-тасы жана башка) жана минералдык туздар ошондой эле акырындык менен таасир берүүчү заттар эсептелет. Б-ны кургак зат катары сиңирилүүсү өтө чоң санда 80-90 % чейин жетет. Суунун белгилүү чекте кармалышында б-нын сиңиримдүүлүгүнө төмөнкү маалыматтар тиешелүү.

Б-а мал өстүрүүдө жана сүттүү саан уйларды багууда тоют катары силос түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү