Ботокара бий — XVI к. жашап өткөн белгилүү кыргыз саясий-аскердик ишмери Мухаммед Кыргыздан соңку эскерилген тарыхый инсандардын бири болгон, Адыгененин Бөрү уруусунан чыккан баатыр.

Ботокара бий
 
Уруусу: Адыгене уруулук тобу, Бөрү уруусу
Кесиби: Баатыр, Аскер башчы

Мурасы түзөтүү

Кытайлык кыргыз илимпозу Мамбетакун Мамбеттурдунун изилдөөлөрүнүн маалыматтарда Боккара аттуу урук Кытайда жашаган кыргыз-кесектердин ичинде да бар экендиги жазылган.[1]

Өмүр баяны түзөтүү

1609 жылы Чыгыш Түркстандагы Аксуу, Үч-Турпан шаарларын Тилеке баатыр менен биргеликте 5000 миң аскер менен талап тоногон. Бирок, 1610 жылы Махмуд Чоростун айтымында Ботокара бий Темир Султандын (Мухаммед хандын небереси) Тимур Султан баштаган могол аскерлери куугунтукка алганда, Ботокаранын аскерлерин таштап, бир жылгада, бекинип, салгылашуунун жүрүшүн байкап турган. Ботокара баштаган 3000 аскер куугунчулар менен салгылашып, 2000 кыргыз жоокери курман болуп, Ботокара баштаган 1000 аскер колго түшкөн, багынгандыгын билдиришип, Султанга келишкен.

Мирза Хашим Чурас аксуулук аскерлер менен Бай Ботокаранын тылынан кол салып, зыян келтирген эле[2]. Бай Ботокара Тилеке бийдин чечкинсиздигинен улам жеңилип калган деп боолгосо болчудай. Тилеке да Темир султандан кечирим сурап, тартуу алып келген. Султан баарына кечирим берип, коё берген экен.

Тарыхый санжыранын маалыматтарына караганда Ботокара калмак доорунда жашап өткөн, эли-жери үчүн күрөшкөн журт башчысы, лидер жана баатыр инсан катары сыпатталат. Асыресе, тарыхый жазма булактардагы маалыматтар боюнча Ботокара кыргыздардын аскер башчысы катары калмак чабуулуна чейин, так айтканда 1610-ж. жана андан кийинки орчундуу согуштук-саясий окуяларда эскерилген. Бул доор кыргыздардын этносаясий бирикмесинин Моголстан (Жаркент хандыгы) мамлекетинин курамындагы мезгилине туура келет. Бирок, кыргыздар көз каранды эместигин сактап, аны дайыма коргоп келишкен. Ботокара (тарыхый жазма булактарда Бай Бото-Кара деп жазылат - О.К.) кыргыз тарыхынын кечки орто кылымдар доорунда эскерилген тарыхый инсан.

Кыргыз башкаруучуларынан болгон Ботокара Тилеке баатыр менен бирге 1610-жылдагы согуштук-саясий окуяларда эскерилет. Ботокара баатыр жана Тилеке-бийден башка тарыхый жазма булактарда[3] шейбанилерге (өзбек-казактар) каршы ийгиликүү согуштук жоортуулдарды уюштурган кыргыздын орто кылымдардагы журт башчысы Мухаммед-Кыргыз гана белгилүү.

1640-ж. Бай Ботокаранын аты тарыхый булактарда кайрадан эскерилет. Махмуд Чорастын жазган маалыматы боюнча боюнча Абдаллах-хан Чыгыш Тҥркстандагы кыргыз- булгачылардан (ичкиликтер урулары - О.К.) 10 000 миң адамын кырып, Ошко жоортуул уюштурат. Биздин болгообузда Бай Ботокара Оштун жана Ош аймагынын, Анжияндын башкаруучусу (акими) болгондой.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. (Мамбеттурду, 2004: 114).
  2. (Караев, 1994: 78)
  3. (―Тарих и-Кашгар‖ ж.б.)1 XVI к