Ботокур
Ботокур — эпостук жана этнографиялык материалдар боюнча калың, эндүү кайыштан сырткы бетине оюм-чийим салынып, алтын, күмүш, ар түрдүү асыл таштар чөгөрүлүп жасалган кур. Эпосто Б-ду азем буюм катары эл башкаруучулар курчанышкандыгы айтылат:
Саймалуу калпак, сары шым,
Шалдыркан кисе, бото кур,
Наалысы алтын, жез өкчө
Айдаркан уулу Эр Көкчө (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Б. майданда белди коргоо үчүн да кызмат кылган. Ошондой эле бийликтин, баатырдыктын символу катары да көрсөтүлөт. Башка элдин өкүлүн кабыл алганда сөзсүз Б. белде курчалуу болуу керек. Б-ду белден чечүү же моюнга салуу жеңилгендикти билдирген: «Бото куру мсйнунда, Эки колу боорунда» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМанас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|