Камбаралы Ботояров (1944-1994) - илимпоз-адабиятчы, сынчы жана котормочу Ош дубанынын Өзгөн ооданына караштуу Ийри-Суу айылында туулган.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин аяктаган соң, эмгек жолун Кыргыз КСР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.

1974—1981-жылдары мурдагы КСРБ Илимдер академиясынын М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда адегенде стажёр-изилдөөчү, андан соң аспирант катары билим алган.

Ошол эле учурда Москвадагы атактуу Малый театрдын алдындагы М.С.Щепкин атындагы театр өнөрү боюнча жогорку окуу жайында, андан кийинчерээк А.В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтунда окутуучу болуп иштеген.

Аспирантураны аяктагандан кийин 1981—1983-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин биринчи катчысынын жардамчысы болуп иштеген.

1983—1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин алдындагы «Манас» эпосун басып чыгаруу бөлүмүнүн окумуштуу-катчысы, андан соң Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор болуп иштеген.

1989-жылдан тартып эркин чыгармачыл ишке өткөн.

К. Ботояровдун алгачкы сын макалалары, илимий изилдөөлөрү 1970-жылдан тартып басма сөз бетинде жарыялана баштаган. Анын калемине «Кыргыз элинин махабат лирикасы» (1974). «Көкөтөйдүн ашы»: Ч. Валиханов жаздырып алган вариант боюнча» (1979) жана башка көлөмдүү илимий эмгектер, «Поэтика дүйнөсүндө» (Б.: Адабият, 1983) аттуу адабий сын макалалар китеби таандык.

К. Ботояров көркөм котормо жаатында да белсемдүү иштеп, И. Калашниковдун «Каар заман» тарыхый романын, Рабгузийдин «Пайгамбарлар баянын», Реми Дордун «Оогандык кыргыздар» аттуу тарыхый-этнографиялык изилдөөсүн, «Түркмөн эл жомокторун, «Өзбек эл жомокторун» ж.б. көлөмдүү эмгектерди кыргыз тилине которгон.

Жарыяланган чыгармалары түзөтүү

Котормолору түзөтүү

  • Исай Калашниковдун «Каар заман» тарыхый романы
  • Рабгузийдин «Пайгамбарлар баяны»
  • Реми Дордун «Оогандык кыргыздар» аттуу тарыхый-этнографиялык изилдөөсү
  • "Түркмөн эл жомоктору"
  • «Өзбек эл жомоктору»

Кыскача адабият тизмеси түзөтүү

  • Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - ISBN 5-660-00084-3.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү