Бразилия тайпак тоосу -түштүк кеңдиктин 3-35°дагы тайпак тоо. Түштүк Американын чыгыш бөлүгүнүн көбүн ээлейт.

Чыгыш жана түштүк -чыгышка бийиктеп (Бандейра тоосу, бий-икт. 2890 м), түндүгүнөн Амазонка ойдуңуна, түштүк -батыштагы Лаплата ойдуңуна карай эңиштеп кетет; түндүк -батышынан Жогорку Парагвай ойдуңуна карай жардуу тик келин бүтөт. Тоо байыркы кристаллдуу калкандай жана синеклизадан турат (геологиялык түзүлүшүн, к. Бразилия платформасы). Дайыма көгөрүп туруучу токой, саванна бадалдары жана ийне жалбырактуу токойлор өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.