Брандттын кирписи (Hemiechinus (Paraechinus) hypomelas, Brandt, 1836):

Брандттын кирписи.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Пакистан, Афганстан, Оман, Ирак, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстандын чегинде сыягы Ош, Баткен, Жалалабат областарынын тоо этектеринде кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Оазистер, тоо этектердеги талаалар жана жарым чөлдөр.

Саны түзөтүү

Республикада узун тикендүү кирпинин саны боюнча маалымат жок.

==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кыргызстанда изилденген эмес. Адабият маалымат боюнча марттан тартып октябрң бою активдүү, түнкүсүн жүрүүчү жаныбар. Кыштоо үчүн жана жашыруун жүрүү үчүн кемирүүчүлөрдүн ийиндерин пайдаланат. Үйүүгүшүүсү март-апрелде, майда 2-5 тууйт, алар июнда уя ийиндеринен кетишет. Биринчи кышташынан кийин жыныстык жагынан жетилет. Негизинен курт кумурскалар, сойлоочулар жана өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Дың жерлерди өздөштүрүү, айыл чарбалык айдоолорду сугаруу жана айдоо.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргызстанда колдо кармалып багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Учурдагы коргоо чаралары жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жасалма жол менен көбөйтүү, кичи коруктарда коргоо.

Статусу түзөтүү

VIII категория, Data Deficit, DD: R. Сейрек кездешүүчү түр. Кыргызстандын түштүгүндө бирин-серин жабылганы белгилүү. 1990-жылы Кыргызстандын түштүгүндө Prucha Kaler деңиз денгээлинин 1400 м бийиктикте бир экземпляр эле кармалган жана ушул түрдүн баш сөөгүнүн калдыгы Сары үкүнүн кусундусунан табылган, аны кара тикендүү кирпиге киргизген - Paraachinum hupomelas (тагыраак аты Hemicchinus( Paraachimus) hypomeles Brandt,1836 - узун тикендүү кирпи).

Колдонулган адабияттар түзөтүү