Бригадалык-лабораториялык метод

Бригадалык-лабораториялык метод – окуу процессин уюштуруунун бир формасы.

ХХ кылымдын башталышында окуу сабактарын лабораториялык түрдө өткөрүүнүн жолу катары АКШнын Дальтон ш-нда колдонулуп, «Дальтон-план» деген атка ээ болгон. Мында окуучулар бригадаларга бөлүнүшүп, окуу-лабораториялык тапшырмаларды өз алдынча аткарышкан. Мугалим кеңеш гана берген. Бул метод АКШнын мектептеринде бүгүн да окутуу ишин уюштуруунун формасы катары колдонуудан чыга элек. Сов. мектептерде «Дальтон-план» Бригадалык-лабораториялык метод деген ат м-н 1920-жылдарда колдонулуп келген. Окуу материалын өздөштүрүүнүн негизи катары балдардын өз алдынча лабораториялык иштери, бригадада китеп окуу, доклад, реферат жазуу, маселелерди чыгаруу эсептелген. Мугалимге текшерүүчүлүк милдет гана берилген. Бригадалык-лабораториялык метод жактоочулары окуучулардын өз алдынчалыгын өнүктүрүүгө ашкере баа беришкен. Бирок окуучулардын билимди өздөштүрүү процессиндеги, мугалимдин ролу чечүүчү экендигин жетишээрлик эске алышкан эмес.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6