Бромдуу суутек кислотасы

Бромдуу суутек кислотасы, HBr – суутек бромидинин суудагы эритмеси, күчтүү к-та. Б.с. к-нын курамында масс. 47 % суутек бромиди болсо, ал 1 атм. басым астында 126оС кайноочу, 20оС тыгызд. 1,49 г/см3 барабар болгон азеотроптук аралашманы пайда кылат. Үч бромдуу фосфорго PBr3 сууну таасир этүүдөн фосфорит к-тасы (H3PO3) жана бромдуу суутек (HBr) пайда болот:

PBr3+3H2O=H3PO3+3HBr

Алынган суутект бромдидин сууда эритүү менен Б.с.к. алынат. Б.с.к. бир аз бөлүгү жарыктын таасиринен кычкылтек менен окистенип бромду пайда кылат, ошондуктан Б.с.к. дайыма саргыч түстү берип турат. Анын туздары бромиддер деп аталат. Натрий, калий бромиддери медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү