Брюс Уиллис

Брүс Уиллис‎»‎ барагынан багытталды)

Уолтер Брюс Уиллис (англ. Bruce Willis;1955-жылдын 19-мартында туулган) - америкалык актер, продюсер жана ырчы. Актердун чыгармачылыгы Бродвей театрынын сахнасынан башталган. 1980-жылдары телесериалдарга тартылып, " Айдын жарыгы" (англ. Moonlighting (1985–1989) тасмасындагы Дэвид Эддисондун ролу менен таанымал болгон. Ал "Оңой менен өлбөгөн" (англ. Die Hard) тасмасында Жон Макклейндин ролу менен атактуу болгон. Б. Уиллис алтымыштан ашуун тасмада роль жараткан, алардын көрүнүктүулөрү - "Түндүн түсү" (англ. Color of Night, 1994), "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994), "12 маймыл" (англ. 12 Monkeys, 1995), "Бешинчи элемент" (англ. The Fifth Element, 1997), "Армагеддон" (англ. Armageddon, 1998), "Ички туюм" (англ. The Sixth Sense, 1999), "Майтарылбас" (англ. Unbreakable, 2000), "Күнөө шаары" (англ. Sin City, 2005), "Кызыл" (англ. Red, 2010), "Кармай алгыс 2 " (англ. The Expendables 2 (2012) жана "Убакыт торчосу" (англ. Looper, 2012).

1987-жылы Б. Уиллис актриса Деми Мур менен баш кошкон жана үч кыздуу болушкан, кичине кызы Румер ата-энеси ажырашуусунун алдында жарыкка келген. 2009-жылдан бери Эмма Хемиң менен никеде,алар эки кыздуу болушкан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү