"Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction) - 1994-жылы Квентин Тарантино жазган жана тарткан америкалык нео-нуар комедия. Сценарийин Тарантино жана Рожер Эвери жазышкан. Жогорку стилде тартылган тасма Лос-Анжелестеги бандиттер жана табышмактуу чемодан окуяларын байланыштырат. Тасманын аталышы XX кылымдын ортосундагы кылмыш окуяларын баяндаган арзан журналдардан жана романдардан келип чыккан.

Кылмыш окуясы

Театралдык версиясынын постери
Режиссеру Квентин Тарантино
Продюсер Лоурес Бендер
Оператору Анжей Секула
Тартылгандар Жон Траволта
Сэмүэл Лерой Жексон
Ума Турман
Харви Кейтел
Тим Рот
Аманда Пламмер
Мария де Медейруш
Винг Рэймс
Эрик Штолц
Розанна Аркетт
Кристофер Уолкен
Брүс Уиллис
Редактору Салли Менке
Жайылтуучу Miramax Films
Чыккан жылы
  • май 12, 1994 (1994-05-12) (Cannes)
  • октябрь 14, 1994 (1994-10-14) (АКШ)
Узактыгы 154 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
Тили Англис
Бюджети $8–8.5 млн.[2][3]
Киреше $213.9 млн.[2]

Тасманын сценарийи 1992-93-жылдары жазылган, ал эми кээ бир окуялары Эверинин "Чыныгы роман" чыгармасынан алынган. Тасманын окуясы Тарантинонун башка эмгектериндегидей эле ырааттуу берилген эмес. Тасма аталышындагы "pulp" сөзүнүн сөздүктөгү эки маанисин берүү менен шилтемелүү башталат. Тасманын көпчүлүк бөлүгү монолог жана каармандардын ар кандай темада көз карашын чагылдырган эклектикалык диалог, шылдыңдуу комедия жана ашынган зомбулуктан турат.

Тасма 1994-жылы Канн фильм фестивалында "Palme d'Or" сыйлыгын утуу менен киносынчылардын элегинен ийгиликтүү өтүп, ийгиликтүү сатылган. Тасма Жон Траволта ("Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн), Сэмуел Л. Жэксон жана Ума Турмандын карьерасын кайра жандандырган. Тасма "Эң мыкты тасма" сыяктуу 7 "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн жана Тарантино менен Эвери "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын утуп алышкан. Тасманын өнүгүү табияты, кирешеси жана жайылышы көз карандысыз кинематографияга чоң таасир тийгизген.

"Кылмыш окуясы" жарыкка чыккандан бери Тарантинонун чыгаан чыгармасы катары кабыл алынып келет, сценарийи да өзүнчө мактоого татыган. Тасманын чагылдырылышын, салттуу эмес түзүлүшүн жана аралаш кадрларды ашыкча колдонуусун киносынчылар постмодерн тасмаларынын өзгөчөлүгү катары сүрөттөшөт. Бул кийинчерээк тасмаларда гана эмес башка медиа түрлөрүндө да жайыла баштаган маданий агым катары эсептелет. 2008-жылы "Entertainment Weekly" сурамжылоосу боюнча тасма 1983-жылдан кийин чыккан эң мыкты тасма деп табылган жана көптөгөн киносынчылардын тизмесинде эң мыкты тасма деп эсептелген. 2013-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Калып:Wikiquote

Калып:Quentin Tarantino Калып:Roger Avary Калып:Navboxes

  1. Кылмыш окуясы. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 Кылмыш окуясы (1994). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2012.
  3. Waxman (2005), p. 67; Biskind (2004), p. 170; Polan (2000), p. 69; Dawson (1995), pp. 147–148.