Будаңчаң
Будаңчаң — Манас эпосунун кейипкери. Кытайдын Манаска каршы күрөшкөн он бир дуу-дуусунун бири, эпос боюнча Кусар көлүнүн боюндагы Токонарат шаарынын каны. Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышка Бозкертик экөө Коңурбайды коштоп чыгат. Ат чабышта Б-дын Салкарасы Кошойдун Чоңсарысынан кийин келет. Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмактар Ушаңдын тилин албай байгеге зордук кылып, чыр башташканда В. менен Ушаң талоончуларга кошулбай коюшуп, Жолойдон запкы көрүп калышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 248, 267, 277).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМанас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|