Булак-Суу мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 5,2 км, аянты 3,3 км2, көлөмү 0,1 км3. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Б.М. Корженевский мөңгүсун түндүк-батыштан тороп турган тоо тармагынын Чоң Алай кырка тоосуна тутумдашкан жеринен орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5300 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Куралуу облусу үч тарабы бийик беттер менен курчалган төр. Этеги аяккы мореналар менен торолгон. Мөңгүдөн Кызылагын суусунун курамы Булаксуу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү