Булдурсун
Булдурсун — эпосто баатырлардын (Манас, Семетей) камчысы. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолой менен күрөшүп жатып уктап кеткен Кошойду Манас «Чапса кулак тундурган Кара жаак булдурсун» (Саякбай Каралаев, 2. 47) менен куйрукка чапканда, көзү умачтай ачылып Жолойду жыгып жеңишке жетет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМанас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|