Булчуң иши — булчуңдарды түзүүчү, дүүлүгүү жана жыйрылуу касиетине ээ болчу талчаларынын иш-аракети.

Бардык булчуңдардын негизги касиети анын жыйрылуу жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. Скелет булчуңдарынын иши (дүүлүгүү жана жыйрылуу) борбордук нерв системасынан келген нерв импульстарынын таасири астында гана болот. Булчуңдар жыйрылып, белгилүү иш аткарат. Булчуңдар нерв импульстарынын таасиринен ийкемдүүлүгүн өзгөртүү касиетине жараша алар иштегенде узундугун кыскартат. Булчуңдарда пайда болгон тартылуу тарамыштар аркылуу скелет сөөгүнө берилет. Эгерде булчуңдардын тартылуу күчү муундун каршылык күчүнөн чоң болсо, кыймыл пайда болот.

Булчуңдардын иш-аракети денени мейкиндикте жана дене бөлүктөрүн бири бирине салыштырмалуу кыймылга келтирүүчү — динамикалык, дене бөлүктөрүн белгилүү абалда кармап туруучу статикалык болуп экиге бөлүнөт. Демейде булчуңдардын динамикалык иши бири бирин толуктап, статикалык иш-аракетинин негизинде динамикалык иш аткарылат. Булчуңдар скелет сөөгүнө бекиген жерине жана түзүлүшүнө карата ар кандай кыймыл аткарат. Булчуң муунду бүгүүчү жана жазуучу, ичке жана сыртка буруучу болуп айырмаланат.

Скелет булчуңдары кыймыл функциясын гана аткарбастан, өзгөчө сезүү органы болуп да эсептелет. Анда жайгашкан рецепторлор жыйрылуу жана жазылууда козголуп, өзүнүн сигналдарын борбордук нерв системасына берет. 0шондой эле скелет булчуңдары жылуулук пайда кылуучу орган болуп, анда пайда болгон жылуулук дене температурасынын туруктуулугун сактайт.

Булчуңдун узун булчуң талчалары (миофибриллдер) негизги жыйрылтуучу механизми болуп, алар жыйрылтуучу белоктор — миозин жана актинден турат. Актин менен миозин талчалары бардык миофибриллдерде биринен сала бири узунунан жайгашат. Миофибриллдердин (булчуңдардын) жыйрылуусунан актин менен миозин талчаларынын ортосунда молекулалык байланыш (көпүрөчө) түзүлүп, актин талчасы миозинге тартылат, натыйжада миофибрилл талчасы кыскарып, булчуң жыйрылат. Ал эми миофибриллдер бошоңдош үчүн актин менен миозиндин ортосундагы байланыш үзүлүп, талчалар өз ордуна келет да миофриллдер узарат (булчуңдар бошоңдойт). Булчуңдардын күчү булчуң талчаларындагы миофибриллдердин санына жараша болуп, жакшы өөрчүгөн булчуңдарда көп, начар өөрчүгөндөрдө аз болот. Дайыма машыгуу, кара жумуш иштөөдөн булчуң талчаларында миофибриллдер көбөйүп, булчуң күчү артат. Булчуңдар дайыма жумуш иштеп турса кишинин жүрөгүнүн иши, кан айлануусу жана газ алмашуусу жакшырат. Булчуңдун ишине аденозин үч фосфат (АТФ), креатинфосфат, кычкылтек керектелет. Көнүгүүнүн натыйжасында жогоруда айтылган заттар үнөмдүү колдонулат. Ошондой эле организмдин кычкылтектин азайышына чыдамдуулугу анын жалпы туруктуулугун айгинелейт. Көнүгүүлөрдүн натыйжасында булчуң жакшы жетилип, күчү көбөйөт, аз чарчайт. Булчуңдар жумуш аткарганда кычкылтекти көп керектейт, ошондуктан аны канааттандыруу үчүн кан тез айланып, жүрөктүн согуусу 200гө (нормада 75), кандын минуталык көлөмү 20—25 литрге (нормада 5 л) чейин жетет; демигүү пайда болуп, газ алмашуу (диффузия) жогорулайт.

Жылма булчуңдар ички рефлекстердин таасиринен автоматтык түрдө жыйрылып турат. Мисалы, карын жана ичегиге тамак барганда алардын жылма булчуңдары перистальтикалык кыймылга келет.

Жүрөк булчуңдары башка булчуңдардан айырмаланып өзгөчө ритм жана күч менен автоматтык жыйрылуу касиетине ээ. Жүрөктүн булчуңдары өмүр бою өз ишин токтотпойт. Жүрөктүн жыйрылышын, согуу күчүн, ритмин нерв системасы жөнгө салып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 ]