Бусурман уулу Кыдык - 1894-жылы азыркы Нарын районундагы Миң-Булак айылынын Таш-Дөбө участкасында жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уругунан. Эки бир туугандын улуусу. Иниси Төлө. Атасы Бусурман, чоң атасы Чакырбай, бабасы Сатыш, бубасы Токоч, кубасы Жумаш (Самсаалай), жетеси Кашкары, жотосу Жаманак, теги Мортук. Атасы Бусурман эмгекчилдиги, калыс сөзү, өзгөчө касиеттери, кишиге жаман санабаган ак ниеттиги менен эл оозуна алынып, сый-урматка ээ болгон. Атасына тиешелүү мүнөздөр уулу Кыдыкка да таандык эле. Ал да кандай гана жумуш болбосун жакшы-жаман дебей бүткөрүп, кишиге начар сөз айтпагандыктан айылдаштарынын, курдаштарынын өзгөчө сый-урматына арзыган. Пенсияга чыкканга чейин ошол учурдагы Тянь-Шань районунун Куйбышев атындагы колхозунда жылкычы болуп эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ден соолугуна байланыштуу эмгек фронтуна чакырылып, Алапаевск шаарында өзүнүн күжүрмөн эмгеги менен Улуу Жеңишти жакындатууга бараандуу салымын кошкон. Айылдаштары, курдаштары урматтоо менен "Бай Кыдык" деп сыйлап айтышкан. Өтө мээнеткеч болуп, такыр ишсиз тура алган эмес. Жумушу жок, бошмун дегенде мурдатан жыйып койгон чырпыктарды кертип, боолоп чыкчу. Дайыма кыймылда жүргөндүктөн абдан күчтүү болгон. Арак менен тамекини жашап өткөн өмүрүндө бир да жолу оозуна албай, бул жаман адаттардан алыс болгондугун инилери, балдары сыймыктануу менен алигиче айтып жүрүшөт.

Адабият түзөтүү

  • Инсандар таржымалы. Бишкек-2007-ж.