Буттун манжасы менен жерден чымчып алган ташты алыстыкка ыргытуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Чакан таштар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар чогулушкан чакан таштарын алышып, бир катар болуп турушуп, таш* тарын буттарынын жанына жайып коюшуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден буттарынын манжалары менен жерден чымчышып алышкан таштарын алыстыкка ыргытышат. Оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Буттун манжасы менен жерден чымчып алып, ташты алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Буттун манжасы менен жерден чымчып алган ташты ыргытып уяга түшүрмөй, жерден чымчып алган ташты бийиктикке ыргытмай, артка ыргытмай.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, таштарды кол менен тийүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга чактоого, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү