Бууга айлануу — заттын суюк же катуу абалдан газ абалына өтүшү.

Затка кандайдыр бир жылуулуктун берилиши менен ишке ашырылат. Бууга айлануу процесси ар кандай температурада, заттын ачык бетинде (буулануу) же суюктуктун ичинде (кайноо) жүрүшү мүмкүн. Бууга айлануу процесси качан гана кандайдыр бир молекуланын же молекулалар тобунун кинетикалык энергиясы көбөйүп, суюктуктагы молекулалык тартылуу күчүн жеңгенде ишке ашат.

Булактар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0