Буулануу – заттын катуу же суюк абалынан газ абалына өтүшү. Катуу зат Б. сублимация, ал эми суюктук бууга айланышы кайноо деп аталат. Темп-ра жогорулаган сайын мол-лар жылуулук кыймылы күчөп, натыйжада Б. ылдамдыгы өсөт. Жабык идиштеги Б. туруктуу темп-рада суюктук же катуу зат үстүндөгү бош мейкиндик каныккан бууга толгончо жүрөт. Темп-ра жогорулаган сайын буунун басымы көбөйөт, анын мааниси атмосфералык басымга барабар болгондо суюктук кайнайт. Б. ылдамдыгы кандайдыр бир убакыт бирдигинде суюктук бетинде пайда болгон буунун өлчөмү менен аныкталат. Б. процесси техникада заттар тазалоодо жана суюк аралашмаларды бөлүүдө колдонулат. Б. океандык жана жер бетиндеги нымдын атмосферага көтөрүлүүсүндө, жер шарындагы суунун айлануусунда чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттарОңдоо