Буудайык (кан)"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кыргыз кандарынын бири. Музбурчактын атасы, Алоокени жеңип, түшкөн олжону элге бөлүштүрүү үчүн кыргыз кандарын чакыртканда Буудайык кан да келет. Ошол жерде Манасты кан көтөрүүгө катышат (Саякбай Каралаев, 1. 213—215). Эпостун башка окуяларына катышпайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Музбурчактын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 24, 88, 107, 195; 4. 17, 39, 52, 80, 166).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4