Бухара Советтик Эл Республикасы

Бухара Советтик Эл Республикасы (БСЭР) – 1920-ж. 8-октябрда түзүлгөн. Бухара хандыгынын аймагынан орун алып, аянты 18,2 миң км2, калкы 2,2 млн киши болгон. 1924-ж. 19-сентябрда БСЭР Советтеринин 5-курултайында республиканы социалисттик деп жарыялап, анын СССРдин курамына кошулушу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошол эле жылдын октябрь айында Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик чегараларын белгилөөгө байланыштуу жоюлуп, анын аймактары жаңыдан түзүлгөн Өзбек жана Түркмөн ССРлеринин, ошондой эле Тажик АССРинин курамына кирген.

Бухара Советтик Эл Республикасы (БСЭР)
өзб. Buxoro Xalq Shoʻro Jumhuriyati

советтик республика
8 октябрь 1920 — 27 октябрь 1924


Желек Герб
Борбор калаа Букар
Тил Өзбек тили
Дин ислам
Акча бирдиги совет рублу
Аянт 182 193 км²
Калк 2,5 млн киши
Бүтбукар Ревкомунун Председатели
 - 1920 Абдукадыр Мухитдинов
Өтүүчүлүк
Букар Эмираты
Букар Кеңештик Социалисттик Республикасы

Колдонулган адабияттар түзөтүү